АЛГА, КЫРГЫЗСТАН!
Об.: Азиз Батыров Сөзу.: Мырзайым Айтимбетова
1:
Ала Тоо өлкөм Кыргызстан
Ажайып көркөм Кыргызстан
Укмуштун баары табылган
Уютку чөлкөм Кыргызстан
Кыргызстан демим Кыргызстан
Кылымдык кебим Кыргызстан
Беш күндүк өмүрүмдөгү
Бейишим менин Кыргызстан Кайырма:
Кыргызстан алга Кыргызстан
Кыргызстан жаша Кыргызстан
Сен гүлдөп өсө бересин
Кыз уулуң барда Кыргызстан
2:
Эх кандай кенен Кыргызстан
Экинчи энем Кыргызстан
Туйлаган тулпар уулуңмун
Туу кармап берем Кыргызстан
Кыргызстан өсчү Кыргызстан
Кыйла алга көччү Кыргызстан
Ак калпак элим байырлап
Ансайын көрктүү Кыргызстан
Кайырма:
3:
Өзүнчө дүйнө Кыргызстан
Көрүнсүн көркүң жылдыздан
Кубалап бакыт шаштырсын
Кут даарып күндө Кыргызстан
Кыргызстан демим Кыргызстан
Кылымдык кебим Кыргызстан
Ала Тоо койнун ээлеген
Эгемен элим Кыргызстан
Кайырма: