Кенжегүл Өзүбекова Боз торгойум минус

00:00 / 03:38
Loading
Скачать
0
804
Тональность
0.0
+
Темп, %
0.0
+
Свойства файла: 8,3 Мб 320 кбит/с
Загружено: Медетбек Абакиров @ 06.01.22
Текст песни «Боз торгойум»
  
Сен менин жан дүйнөмдү ээлеп алдың
Жалындатып жүрөгүмө чокту салдың
Аттиң ай ак сүйүүмдү козгоп койуп
Адашып биздин жолдон кайда калдың

Кайдасың карааныңа зар кылбачы
Калкымдын арасынан кол булгачы
Жарк этип таң нурунда, ак шооладай
Эх кайрадан
ак сүйүүңдү
ак сүйүүңдү тартуулачы.

Кечирдим өткөндү мен козгобойун
Жараткан бул жашоодо боздобойун
Кусалык арзуу болуп бышкан кезде
Эх кубулжуп
сайрап келчи
сайрап келчибоз торгойум

Күтөм сени үзүлбөгөн үмүт менен
Мен кызганып күн түн күтүп
сени эңсегем
Сездирбей балким мага айта албастан
Күнөөлүү адам болуп жүрдүң бекен

Кайдасың карааныңа зар кылбачы
Калкымдын арасынан кол булгачы
Жарк этип таң нуруна, ак шооладай
Эх кайрадан
ак сүйүүңдү
ак сүйүүңдү тартуулачы.

Кечирдим өткөндү мен козгобойун
Жараткан бул жашоодо боздобойун
Кусалык арзуу болуп бышкан кезде
Эх кубулжуп
сайрап келчи
сайрап келчи боз торгойум

Кызгандым башка адамы бар экен деп
Кызгандым биздин жолдор тар экен деп
Кайрадан сабыр этип чыйраламын
Ардагым аман эсен жүрсө экен деп

Кайдасың карааныңа зар кылбачы
Калкымдын арасынан кол булгачы
Жарк этип таң нуруна, ак шооладай
Эх кайрадан
ак сүйүүңдү
ак сүйүүңдү тартуулачы.

Кечирдим өткөндү мен козгобойун
Жараткан бул жашоодо боздобойун
Кусалык арзуу болуп бышкан кезде
Эх кубулжуп
сайрап келчи
сайрап кечи боз торгойум
Кубулжуп
сайрап келчи
сайрап келчи
боз торгойум
Текст добавлен: Медетбек Абакиров