Күйдүм бир гана күйдүм иий күйдүм чок.
А күйдүм бир гана десем
иий түтүн жок.
Жүрөгүмдүн ай иий башында ий
А күйдүм а жүгөрүдөй
иий бүтүн жок.
Кан жайлоо деген
иий бийик бел,
Ошого кар жааса
согот иий муздак жел.
Кайырма эле жакаң,
кара көз,
А күйдүм а кадыр билсең
иий өзүң кел.
Иий иий ииий ииий
ииий ииий ииий иий
Ак теректей да бүрдөнүп.
Жүрөсүң сен ак жоолук
салып түрлөнүп.
Айласын таап жете албай,
а мен жүрөм адашкан
тайлак өңдөнүп.
А иий иий иий иий иий
иий иий ииий ииий.
Иий иий иий иий