Кайрат Примбердиев Туулган жерди сагынуу минус

←
00:00 / 04:31
Loading
Скачать
0
2793
Тональность
−
0.0
+
Темп, %
−
0.0
+
Тип: ориг + бэк
Свойства файла: 10,3 Мб 320 кбит/с
Загружено: kakenzo24 @ 23.01.19
Текст песни «Туулган жерди сагынуу»
  
Кылымдардан кылым карытып,
Кызыл-Суунун суусу агылып.
Бал жыттанган таттуу кымыздай,
Туулган жердин суусун сагындым.
Жүрсөм дагы алыс араңдан,
Ата Журтум кетпейт санаамдан.
Акыл айтып, асыл кеп айткан,
Аталардын кебин сагынам.

Сары-Ой менен Көк-Ой тоосунан,
Бүркүт шаңшып, күкүк сайраган.
Ышкын терип аска-зоосунан,
Жүргөн күнүм эстеп сагынам.
Жылаңайлак, чырпык ат минип,
Жылгалардан тунук суу кечип.
Балтырымды тилип караган,
Балалыгым эстеп сагынам.

Коңур-Дөбө - жайлоо, жашыл төр,
Коңур желдүү, салкын, асыл жер.
Кокту, белес, күнгөй-тескейден,
Кой кайтарган күнүм сагынам.
Түндүгүнөн түтүн булатып,
Апам жапкан нанды сагынам.
Үйүр-үйүр жылкы айдаган,
Атам жүргөн жерди сагынам.

Үйүр-үйүр жылкы айдаган,
Атам конгон журтту сагынам.
Керим Турапов, Керим Турапов, Туулган жер, Туулган жер текст песни
Текст добавлен: Kamshybek Kassymbekov
↑